Кыргызстандын кайсы банкы эң көп насыя бергенТажикстанда ЖККУнун атайын бөлүктөрүнүн «Кобальт-2026» машыгуусу өтөтЧума: Саламаттык сактоо министрлиги оорунун белгилери жана алдын алуу чаралары тууралуу айтып бердиКыргызстандын эл аралык резервдери августта 8,9 млрд долларга чейин өстүКМШ жана ШКУнун аскер прокурорлору Казанда чек араларды коргоо боюнча билдирүү кабыл алышты«Мугалимге болгон урмат — өлкөнүн келечегине болгон урмат» — Садыр Жапаров
БШК бир нече жергиликтүү кеңештин депутаттарын мандатынан ажыратты
05.08.2026 | 15:09

Бүгүн, 5-августта, Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) өз арыздарынын негизинде бир нече жергиликтүү кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктарын токтотту. Ошондой эле бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алды. Бул тууралуу комиссиянын басма сөз кызматы билдирди.
Комиссиянын маалыматында, төмөнкү депутаттардын ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандаттар кийинкилерге өткөрүлүп берилди:
- Бишкек шаардык кеңеши: Максат Токтогуловдун («Жаңы күч – Новая сила») укуктары токтотулду.
- Өзгөн шаардык кеңеши: Мияссархан Нарматованын («Эл биримдиги») депутаттык мандаты алынып, Абдулазиз Сырожовго өткөрүлүп берилди.
- Каракол шаардык кеңеши: Динара Орозбекованын ордуна Елена Работягина депутат болду.
- Араван району (Дөбө-Коргон айылдык кеңеши): Шерзодбек Холматовдун укуктары токтотулду.
- Кара-Суу району (Датка айылдык кеңеши): Боходиржон Машрабаевдин («Адилет») депутаттык мандаты алынып, ал Джалалдин Туркменовго өткөрүлүп берилди.
- Ала-Бука району (Айры-Там айылдык кеңеши): Төрөгазы Салибаевдин ордуна Сапар Ибрагимов мандат алды.
- Баткен району (Суу-Башы айылдык кеңеши): Акбарали Анаралиевдин ордуна Абдибаит Маркаев, ал эми Алмазбек Абдурасуловдун ордуна Абдижалил Шайдуллаев келишти.
- Кадамжай району (Молдо Нияз айылдык кеңеши): Куштарбек Машраповдун ордуна Куштарбек Жигитов депутат болуп катталды.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат