Сууну үнөмдөө гана жетишсиз — эксперт Булат Есекин Борбордук Азиянын келечеги тууралуу

Сууну үнөмдөө боюнча салттуу чаралар жетишсиз болуп калды, андыктан Борбордук Азия өлкөлөрү суу ресурстарын башкаруунун жаңы моделине өтүүсү зарыл. Мындай пикирин суу ресурстары жана климат боюнча эл аралык эксперт Булат Есекин Reporter.kg сайтына курган маегинде билдирди.
Анын айтымында, адамзат табигый суу айлануу циклин бузду, эми суунун запастарын калыбына келтирүү аны үнөмдөө сыяктуу эле эң маанилүү милдетке айланышы керек.
«Бүгүнкү күндө көпчүлүк өлкөлөрдүн мамлекеттик саясаты сууну сарамжалдуу пайдаланууга, тагыраагы: сууну үнөмдөөчү технологияларды, тамчылатып суугарууну жайылтууга, санариптештирүүгө, тарифтик саясатты өркүндөтүүгө жана сууну пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. Бирок бул чаралар азыр жетишсиз», — деп эсептейт эксперт.
Есекиндин белгилешинче, акыркы илимий изилдөөлөр глобалдык суу айлануу циклинин бузулгандыгын тастыктайт. Эгер мурда табият мөңгүлөрдү, дарыяларды, көлдөрдү жана жер астындагы суулуу катмарларды өз алдынча калыбына келтирип келсе, азыркы тапта бул механизм бара-бара иштебей калды.
«Адамзат сууну алууга, аны үнөмдөөгө жана булгабоого көнүп алган, бирок анын ордун толтуруу менен дээрлик алектенген эмес. Бүгүнкү күндө континенттер Дүйнөлүк океанга куюлган сууларын барган сайын тез жоготуп жатканын көрүп турабыз. Бул процесстер өзгөчө Борбордук Азияда өтө курч жүрүүдө», — дейт эксперт.
Анын айтымында, мөңгүлөрдүн кыскаруусу, дарыя-көлдөрдүн тайыздашы, жер астындагы суулуу катмарлардын жоголушу — табияттагы суу айлануу процесстеринин бузулушунун кесепети.
Есекин ошондой эле эл аралык уюмдардын акыркы баяндамаларына таянып, дүйнө акырындап суу кризиси баскычынан суу ресурстарын кайтарылгыс жоготуу абалына өтүп бара жатканын кошумчалады.
Буга байланыштуу ал «Жаңы суу парадигмасы» (New Water Paradigm) деп аталган ыкмага өтүүнү сунуштайт. Анын негизги принциби сууну үнөмдөө менен гана чектелбестен, аны кайра калыбына келтирүү зарылдыгында жатат.
«Жаңы суу парадигмасы» концепциясын словакиялык гидролог Михал Кравчик иштеп чыккан. Ал ландшафттарда жамгыр суусун болушунча кармап калуу, табигый гидрологияны калыбына келтирүү, ошондой эле кургакчылык, суу ташкындары жана жердин деградация болуу коркунучун азайтуу аркылуу суунун кичи айлануу циклдерин сактап калуу идеясына негизделген.
«Бөгөттөрдү, суу сактагычтарды жана инженердик инфраструктураларды курууга негизделген азыркы ыкманы табияттагы суунун айлануу циклдерин калыбына келтирүү менен толуктоо зарыл. Бул жерде сөз жамгыр суусун ал жааган жердин өзүндө кармап калуу, топурактын сууну сиңирип сактоо жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, табигый инфильтрацияны (суунун жерге сиңүүсүн), жер астындагы жана жер үстүндөгү суу агымдарын калыбына келтирүү, ошондой эле айыл чарбасында жана аймактарды башкарууда жаратылышка багытталган чечимдерди жайылтуу жөнүндө болуп жатат», — дейт Есекин.
Анын белгилешинче, суу ресурстарын баалоодо азыркы тапта жер астындагы суу агымдарынын олуттуу бөлүгү иш жүзүндө эске алынбай келет, бирок бир катар илимпоздордун баамында алардын потенциалы өтө жогору бойдон калууда.
Есекиндин айтымында, жаңы модель климаттык шарттарга карабастан дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө колдонулуп баштады. Эң айкын мисалдардын бири катары ал Чувашиянын тажрыйбасын келтирди.
Анын маалыматына таянсак, мурда суусуз жана жашоо үчүн дээрлик жараксыз деп эсептелген аймактарда сууну кармап калуу ыкмаларын жайылткан соң, токойлор калыбына келип, көлмөлөр пайда болуп, балыктар, жапайы жаныбарлар, анын ичинде камандар менен багыштар (лось) байкала баштаган.
«Мындай өзгөрүүлөр бир-эки жылдын ичинде эле жүрүшү мүмкүн. Жер өз алдынча калыбына келе баштайт. Айрым долбоорлордо жайыттардын түшүмдүүлүгү дээрлик 20 эсеге артып, айыл чарбасынын натыйжалуулугу бир нече эсеге жогорулаган», — деп белгиледи эксперт.
Есекин сууну үнөмдөө боюнча салттуу чараларды табияттагы суу процесстерин калыбына келтирүү менен айкалыштыруу — Борбордук Азия өлкөлөрүнүн барган сайын күчөп жаткан суу тартыштыгына ыңгайлашуусунун негизги куралдарынын бири боло алат деп эсептейт.
Анара Мамытова