БШК Дамира Ниязалиеванын каттоосун жокко чыгарды

БШК Дамира Ниязалиеванын каттоосун жокко чыгарды

Борбордук шайлоо комиссиясы 5-июнда Ленин району боюнча депутаттыкка талапкер Дамира Ниязалиеванын каттоосун жокко чыгарып, кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук беришти. Бул тууралуу Reporter.kg′ге БШКдан билдиришти. 

Маалыматка караганда, БШКга талапкер Дамира Ниязалиева добуштарды сатып алуу ыктымалдыгы тууралуу бир нече маалымат келип түшкөн.

Комиссиянын жыйынында Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Чынарбек Майлыбеков сөз сүйлөп, талапкердин добуштарды сатып алуу фактылары тастыкталганын билдирди. Борбордук ички иштер башкармалыгы Дамира Ниязалиеваны кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча БШКга кайрылуу жолдоду.

Мурдараак маалымдалгандай, депутаттыкка талапкер Дамира Ниязалиева  менен бирге У.Р. үгүт иштерин жүргүзүү маалында жарандарга 1500 сомдон төлөп берүү, аларды шайлоого тартуу боюнча жарандардын тобу менен иштөө схемаларын талкуулоо айтылды.

Комиссиянын отурумунун жүрүшүндө белгилүү болгондой, У.Р. талапкер Ниязалиевага байкоочу болуп катталган.

Жыйындын жыйынтыгында БШК мүчөлөрү депутаттыкка талапкер Дамира Ниязалиеваны каттоону жокко чыгарып, ошондой эле кылмыш жоопкерчилигине тартууга макул болушту.

Автоматташтырылган башкаруу системасынын жана кол менен эсептөөнүн жыйынтыгы боюнча Дамира Ниязалиева 35,83% добуш менен алдыга чыккан. Башкача айтканда, добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын жалпы санынын үчтөн бир бөлүгү ага добуш берген.

Эгерде шайлоону даярдоодо, добуш берүүнү өткөрүүдө, добуштарды эсептөөдө, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөдө талапкер, саясий партия тарабынан мыйзам бузуулар катталса, БШК талапкер боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп табууга укуктуу.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Ленин округу: Шайлоодо добуш сатып алгандарга иш козголду

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>