БШКнын серверин УКМКнын IT адистери текшерип жатышат

БШКнын серверин УКМКнын IT адистери текшерип жатышат

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) Маалыматтык шайлоо системасындагы мүчүлүштүктү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана башка мамлекеттик органдардын IT адистери текшерип жатышат.

Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Кайрат Маматов билдиргенин «Азаттык» жазды.

«Эмне себептен, кимдин күнөөсү менен болгонун текшерип жатышат», — деди Маматов.

28-ноябрда парламенттик шайлоодо добуш берүү соңуна чыккандан кийин БШКнын добуштарды санаган автоматташтырылган системасы иштебей калган. Бир аздан соң кайра ишке киргенде добуштардын пайыздык көрсөткүчү өзгөрүп кеткен.

Бир катар партиялар муну «көз боёмочулук» деп, шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышты. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова серверден техникалык мүчүлүштүк кеткенин айтып, добуш саноого зыян болбогонун билдирген.

Жогорку Кеңештин шайлоонун баштапкы жыйынтыгына ылайык, алты партия 5% пайыздык босогодон өтүп, шайлоодо утканы айтылууда. Акыркы жыйынтык бюллетендер кол менен саналып бүткөндө чыгат.

Добуш берүүгө укуктуу 3 миллиондон ашуун жарандын ичинен шайлоого келгендер 30% тегерегинде болду.

Тэги: БШК УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>