“Бул чыныгы тозоктун башталышы гана”, — Тез жардамдын жетекчиси COVID-19 тууралуу

“Бул чыныгы тозоктун башталышы гана”, — Тез жардамдын жетекчиси COVID-19 тууралуу

Кыргызстанда 1-июлда коронавирус жуктургандардын рекорддук көрсөткүчү орун алды.  Бир суткада 439 адамдан илдет табылды. 

Ал эми каза болгондордун саны 62 адамга жетти. 

Серепчилер жакынкы он күндө коронавирустан каза болгондор кескин көбөйө турганын айтышууда. 

“Тез жардам” кызматынын Бишкек шаардык бөлүмүнүн жетекчиси Егор Борисов коронавирус боюнча абалды тозокко салыштырган.

“Бул тозок. Анан ал жаңы гана башталып жатат”, -деп жазган Борисов твиттер баракчасына. 

“Азыр болуп жаткан нерселер бул катастрофа.  Күндөн күнгө басым күчөп атат.Пневмония менен ооругандар да көбөйүп жатат.  Ар бир саат сайын чакыруулардын саны өсүп антирекорддук корсөткүчтөрду жаңылап жатабыз, кезектерде адамдар күтүп жатышат.  Өзү Бишкекте азыркыдан 3-4 эсе көп тез жардам бригадалары болуш керек эле.  Эгер азыр жада калса жаңы 100-200 тез жардам унаасын алып келип беришсе да алар менен иштей турган адамдар жок.  Дарыгерлер жок, алар бардык жерде жетишпей жатат.  Бул нерсенин негизги себеби бул дарыгерлердин 5 миң сом айлык акысы”, —деп жазган Борисов. 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>