Үйдү оңдоп берем деп убада берип, акча менен качып кеткен — Бишкекте шектүү кармалды

Бишкекте батирлерди толук оңдоп берүүнү убада кылып, алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын (РИИБ) басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 14-августта тергөө кызматына бир аял арыз менен кайрылып, батирин оңдоо боюнча келишим түзгөн жаранга карата чара көрүүнү суранган.
Тагыраак айтканда, 21-майда тараптар Гагарин көчөсүндөгү батирди жалпы баасы 736 миң сомго «ачкычына чейин» оңдоо боюнча келишим түзүшкөн.
РИИБдин маалыматы боюнча, келишим түзүлгөндөн кийин ал жаран алдын ала төлөм катары 700 доллар накталай жана банк эсебине 159 миң 585 сом которуу аркылуу алган. Милиция берилген каражаттын жалпы суммасын 220 миң 800 сом деп баалаган. Бирок, арыздануучунун айтымында, ал убада кылынган иштерди аткарбай, из жашырып кеткен.
Мындан тышкары, ички иштер органдарына (ИИО) ушул сыяктуу окуялар боюнча дагы 10дон ашык жаран кайрылган. Келтирилген зыяндын жалпы суммасы такталууда.
Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») менен кылмыш иши козголду.
Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1997-жылы туулган шектүү кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Биринчи май РИИБи шектүүнүн башка мүмкүн болгон мыйзамсыз аракеттери тууралуу маалыматы бар же андан жабыркаган жарандарды ички иштер органдарына кайрылууну суранат.