Кыргызстан менен Пакистан кызматташуу боюнча 15 документке кол коюшту

Пакистан Ислам Республикасынын премьер-министри Мухаммад Шахбаз Шарифтин Кыргыз Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында 2-сентябрда эки тараптуу документтерге кол коюу жана алмашуу аземи болду. Бул документтер саясий, соода-экономикалык, укук коргоо жана гуманитардык тармактарда кыргыз-пакистан кызматташтыгын бекемдөөгө багытталган.
Мамлекет башчылары Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров менен Пакистандын премьер-министри Мухаммад Шахбаз Шарифтин биргелешкен билдирүүсүнө кол коюшту. Андан соң тараптар эки тараптуу документтердин топтому менен алмашышты — алардын арасында адамды өткөрүп берүү (экстрадиция) жөнүндө келишим, кылмыш иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү, транзиттик соода, эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы 2026–2027-жылдарга карата кызматташуу программасы, ошондой эле экология жана климаттын өзгөрүшү, билим берүү, виртуалдык активдер, илимий-техникалык кызматташтык, медициналык билим берүү жана баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү тармагындагы өз ара түшүнүшүү меморандумдары бар.
Мындан тышкары, эки өлкөнүн стратегиялык изилдөөлөр боюнча улуттук институттарынын ортосунда меморандумдарга, соода-өнөр жай палаталарынын ортосундагы кызматташуу, Ош жана Лахор шаарларынын ортосунда бир туугандык мамилелерди орнотуу келишимине, ошондой эле «Кыргыз почтасы» менен «Пакистан почтасынын» ортосунда почта кызматтары жана электрондук коммерция тармагында ниеттер жөнүндө макулдашууга кол коюлду.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Жапаров менен Шариф маалымат каражаттары үчүн биргелешкен билдирүү жасашты. Жапаров кыргыз-пакистан мамилелери кыска убакыттын ичинде болуп көрбөгөндөй динамикага ээ болгонун белгиледи: ушул жылдын июль айында ал Пакистанга баргандан кийин, Кыргызстанга Пакистандын президенти Асиф Али Зардари келди, эми премьер-министрдин сапары ишке ашты. Жапаровдун айтымында, жогорку деңгээлдеги байланыштардын интенсивдүүлүгү тараптардын өз ара ишенимин күбөлөндүрөт.
Кыргызстандын президенти тараптар товар жүгүртүүнү көбөйтүү, сооданын номенклатурасын кеңейтүү жана инвестиция тартуу боюнча системалуу кадамдарды жасоону, ошондой эле фармацевтика, айыл чарба, энергетика, жеңил өнөр жай, туризм, санариптик экономика жана виртуалдык активдер чөйрөсүндө биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну макулдашканын билдирди.
Сүйлөшүүлөрдө транспорт жана логистикага өзгөчө көңүл бурулду — Жапаров Пакистандын деңиз порттору Кыргызстан үчүн Түштүк Азиянын рынокторуна чыгуу маршруту болушу мүмкүн экенин, ал эми Кыргызстан өз кезегинде Пакистан үчүн Борбор Азия рынокторуна чыгуучу транспорттук көпүрө болуп берерин белгиледи. Тараптар энергетика тармагында, атап айтканда, CASA-1000 долбоору боюнча кызматташтыкты активдештирүүнү макулдашышты.
Президент учурда Кыргызстанда Пакистандан келген миңдеген студенттер, негизинен медициналык адистиктер боюнча окуп жатканын эске салып, муну эки өлкөнүн ортосундагы гуманитардык байланыштардын маанилүү бөлүгү деп атады. Ал ошондой эле Пакистандын VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чоң спорт делегациясы менен катышканын белгилеп, өлкөнү ШКУга төрагалыкты кабыл алышы менен куттуктап, Кыргызстан колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.