“Бул каралоо”: Акматбек Келдибеков Камчыбек Ташиев тууралуу үн катты

“Бул каралоо”: Акматбек Келдибеков Камчыбек Ташиев тууралуу үн катты

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибеков УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге карата каралоо болуп жатканын айтты. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жазды.

Анда ал: “Кечээтен бери мага массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү Камчыбек Ташиев Америкага ыктаган саясатчыбы? -деген өңдүү суроолор менен улам кайрылып жатат.

Биз Советтер Союзунун таалим-тарбиясында чоңойдук. Орто билимди Ош шаарындагы Терешкова атындагы мектеп-интернатынан алдык. Жогорку окуу жайын Камчыбек Ташиев Томск шаарынан, мен Воронежден бүттүм. Бул шаарларда биздин жаштыгыбыз калган, келечекке болгон максаттарыбыздын пайдубалы салынган.

Студенттик курактагы группалаш, достор менен бир туугандай болуп каласың. Канча жылдан бери үзөңгүлөш жүрөбүз ал балдарын Америка, Европадан эмес Томскден окутканын, ал жактагы достору, группалаштары менен тыгыз катташып турарын жакшы билем.

Ошондуктан Камчыбек Ташиев америкалыктарга ыктап жатат деген сөздүн өзү жөн гана каралоо деп ойлойм. Анткени биз депутат кезибизде Москва, Питер өңдүү канча деген шаарларга бардык, биздин келечектеги бир гана стратегиялык эмес тарыхый коңшу, союздаштарыбыз Россия, Казахстан, Өзбекстан деген принципте жүргөнбүз. Ал эми Камчыбек Ташиев бир принциптүү жигит. Ошондуктан мунун баары максаттуу түрдө каралоо десем жаңылышпайм», — деп жазган.

Буга чейин Россиянын “Комсомольская правда” гезитинде “Безопасность Киргизии – в руках лоббиста американских интересов?” аттуу макала жарыяланып, анда анын автору Сергей Стрельцов Камчыбек Ташиевди Кыргызстандагы “батышчыл” саясатчы катары сүрөттөөгө аракет кылган.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>