Тапанчадан ок аткан видеосун жарыялаган кыз табылды, — милиция

Тапанчадан ок аткан видеосун жарыялаган кыз табылды, — милиция

Коопсуздук эрежелерин сактабай, тапанчадан ок чыгарган кыздын өздүгү такталды. Бул тууралуу ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынан билдиришти.

Буга чейин социалдык тармактарда 20-25 жаштар чамасындагы кыз, белгисиз үлгүдөгү тапанчадан ок аткан видео тараган. Бул окуя кайсы тоолуу аймакта болгондугу да белгисиз болгон.

Видео социалдык тармактардын колдонуучуларынын арасында нааразылык жаратып, айрымдары тиешелүү чараларды көрүү өтүнүчү менен ИИМ жетекчилигине видео кайрылуу жолдошкон.

Бул факт Биринчи май районунун ИИБ Маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында ыкчам-издөө иш-чаралары ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн.

Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында төмөнкү жарандар аныкталып, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук Ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди:

— Б.А., 2000-жылы туулган, Бишкек шаарынын тургуну;

— А.Ж.,1985-жылы туулган Бишкек шаарынын жашоочусу.

Жүргүзүлгөн иштин негизинде травматикалык тапанча алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Тапанчанын ээси аталган А.Ж. аттуу жаран.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, видеодо чагылдырылган окуя мындан беш күн мурда Бишкек – Ош унаа жолунан алыс эмес жерде, Чычкан капчыгайынын аймагында болгон.

Ок атууну сүйгөн жарандын айтымында, видео тасмада болуп жаткан көрүнүштү өзүнүн досу тартып алган. Ал эми аталган фактыга юридикалык баа берүү боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: тапанча

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>