Муфтият Садыбакас Дооловдун чуу жараткан видеосу боюнча чечим чыгарды

Муфтият Садыбакас Дооловдун чуу жараткан видеосу боюнча чечим чыгарды

Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы социалдык тармакта талкуу болуп жаткан Садыбакас ажы Дооловдун видеосу туурасында чечим чыгарганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы социалдык тармакта талкуу болуп жаткан Садыбакас ажы Дооловдун видеосун 3 критерий менен карап чыгып, шариятты бузбагандыгын, саясатка аралашпагандыгын жана жеке бир адамдын абройуна жана кадыр-баркына шек келтирбегендигин аныктады.

Учурда Садыбакас ажы Доолов менен баарлашуу иштери жүргүзүлүп, элге айта турган сөздүн мааниси толук жетпей калгандыгы айтылды”-деп айтылат маалыматта.

Буга чейин диний аалым Дооловдун видеосу тарап, ал коомчулуктун нааразылыгын жараткан. Андан соң Муфтият бул видеону текшерип чыгараарын айткан болчу.

Муфтият Садыбакас Дооловдун аялдар тууралуу айтканын териштирет

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>