Ош шаарында дээрлик 70 гектар жерге агро өнөр жай комплекси курулатКыргызстанга документтери жок 400 граммга жакын алтын жана 2 кг күмүш алып кирүүгө аракет кылышкан«Биз Амирчикти өлкөгө кайтардык» — орусиялык композитор Виктор ДробышЯпония Кыргызстанга 3,5 млн долларлык жол куруу техникасын берет2027-жылдан тарта Кыргызстанда инфляцияны ооздуктоо боюнча мамлекеттик программа иштей баштайтАчык аба ырайы жана +23°Cге чейин жылыйт: 20-октябрга карата аба ырайы
Азербайжан Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу майларды жеткирүүгө даяр — КР энергетика министри
31.07.2026 | 14:07

Кыргызстан менен Азербайжан мунай продуктуларын жеткирүү боюнча меморандумга кол коюшту, деп билдирди энергетика министри Алтынбек Рысбеков.
Министрдин айтымында, учурда тараптар жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу механизмдерин иштеп чыгууда.
«Энергетика тармагында жол картасы иштелип жатат. Ошондой эле чакан ГЭСтерди куруу маселеси да талкууланууда», — деди Рысбеков.
Эске салсак, буга чейин 31-июлда Кыргызстан Орусия менен да республикага ай сайын 100 миң тонна күйүүчү-майлоочу май (ГСМ) жеткирүү боюнча макулдашканы белгилүү болгон. Бул маалыматты Reporter.kg басылмасына Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев тастыктады. Анын айтымында, жетишилген макулдашуу 2026-жылдын аягына чейин күчүндө болот.