ЕАЭБ илимий наамдарды өз ара таанууну жана санариптик сооданы кеңейтет — Мишустин

07.08.2026 | 13:28
ЕАЭБ илимий наамдарды өз ара таанууну жана санариптик сооданы кеңейтет — Мишустин — Новости Кыргызстана

Орусия өкмөтүнүн башчысы Михаил Мишустин Чолпон-Атада өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында сүйлөп жатып, глобалдык чакырыктарга карабастан, Евразия экономикалык бирлигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөр макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн оң динамикасын сактап жатканын билдирди.

Анын айтымында, январь–май айларында реалдуу ИДП (ички дүң продукт), өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү, айыл чарба, чекене соода жана Бирликке мүчө мамлекеттердин ортосундагы өз ара сооданын көрсөткүчтөрү өскөн.

Мишустин негизги милдеттердин бири катары азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо бойдон кала берерин белгиледи.

Анын айтымында, ЕАЭБ дан, чочко эти, канаттуулар эти, сүт, кант, өсүмдүк майы жана жумуртка боюнча ички керектөөлөрдү толугу менен камсыз кылат. Ошону менен бирге ал үрөн, жер семирткич, ветеринардык дары-дармектерди, тамак-аш жана тоют кошумчаларын өздүк өндүрүүнү өнүктүрүү аркылуу бул тизмени кеңейтүүгө чакырды.

Орусия өкмөтүнүн башчысы ошондой эле интеграцияны тереңдетүүгө багытталган бир катар чечимдер кабыл алынганын маалымдады. Атап айтканда, Бирликке мүчө мамлекеттер илимий наамдар тууралуу документтерди өз ара таанууну макулдашты. Бул илимпоздорго квалификациясын ырастоочу кошумча процедуралардан өтпөстөн, ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүнүн аймагында иштөөгө мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары, жалпы каржы рыногун калыптандыруунун алкагында Бирликке мүчө мамлекеттердин брокерлери ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүнүн аянтчаларындагы биржалык соодаларга катыша алышат. Ошондой эле ички рынокто товарларды электрондук соодалоо жөнүндө макулдашуу бекитилди, ал сатуучулар жана сатып алуучулар үчүн бирдиктүү эрежелерди белгилейт.

Мишустин 1-октябрдан тарта Орусияда платформалык экономика жөнүндө мыйзам күчүнө кирерин эске салды. Ушуга байланыштуу ал өнөктөштөрдү товарлар Орусиянын маркетплейстери аркылуу тоскообузсуз сатылышы үчүн ЕАЭБдин бирдиктүү реестриндеги продукцияларды сертификациялоо боюнча маалыматтарды өз убагында жаңыртууну камсыз кылууга чакырды.

Премьер-министр логистиканы санариптештирүүгө өзгөчө көңүл бурду. Анын айтымында, Орусия менен Беларустун ортосундагы темир жол ташуулары дээрлик толугу менен электрондук документтерди колдонуу менен ишке ашырылууда, ал эми ушундай эле иштер Казакстан менен да жүрүп жатат.

Сөзүнүн аягында Мишустин ЕАЭБдин чет өлкөлүк өнөктөштөр, биринчи кезекте Кытай, Иран жана башка дос мамлекеттер менен соода-экономикалык кызматташтыгын кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Анын айтымында, Орусия Евразия экономикалык бирлигинин преференциалдык соода өнөктөштүк тармагын өнүктүрүүнү мындан ары да колдоого ниеттенүүдө.

Анара Мамытова

Scroll to Top