Никол Пашинян: ЕБге кирүү жөнүндө мыйзам ЕАЭБден тез арада чыгууну билдирбейт

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Чолпон-Атада өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кеңейтилген курамдагы жыйынында сүйлөп жатып, өлкөнүн Европа Биримдигине кирүү келечеги тууралуу пикирин билдирди.
Ал 2025-жылы Арменияда ЕБге кирүү процессин баштоо жөнүндө мыйзам кабыл алынганын эске салды. Анын айтымында, документ өлкөнү өнүктүрүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү жана альтернативаларды түзүүгө багытталган.
Ошол эле учурда Пашинян Армениянын Евразия экономикалык бирлигине (ЕАЭБ) жана Европа Биримдигине (ЕБ) бир эле учурда мүчө болушу мүмкүн эмес экенин баса белгиледи. Бирок мыйзамдын кабыл алынышы эле республика бүгүн ЕБге мүчө болууга даяр дегенди билдирбейт.
Анын айтымында, мүмкүн болгон референдумга чейин бир катар этаптардан, анын ичинде институционалдык даярдыктан өтүү, Европа Биримдигине кирүүгө расмий арыз берүү жана талапкер өлкө статусун алуу зарыл.
Премьер-министр бул процедуралардан өтпөстөн референдум өткөрүү маанисиз болорун, анткени жарандар азырынча жок альтернативалардын арасынан тандоого туура келерин белгиледи.
Ошону менен бирге Пашинян Армения европалык өнөктөштөрүнө өлкөнүн ар кандай эл аралык өнөктөштөр менен мамилелерди өнүктүрүү жана жаңы соода-экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүү укугун колдогондугу үчүн ыраазы экенин билдирди.
Ал ошондой эле бүгүнкү күндө Армения менен Европа Биримдигинин ортосунда өлкөнүн Евразия экономикалык бирлигине мүчөлүгүнө карама-каршы келген кандайдыр бир юридикалык, экономикалык же саясий милдеттенмелер жок экенин баса белгиледи.
Эскерте кетсек, 2025-жылдын мартында Армениянын парламенти республиканын Европа Биримдигине кирүү процессин баштоо жөнүндө мыйзамды кабыл алган, ал эми ошол эле жылдын апрелинде аны республиканын президенти Ваагн Хачатурян бекиткен.
Орусиянын башчысы Владимир Путин Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен болгон жолугушууда Европа Биримдиги менен да, ЕАЭБ менен да бажы союзунда болуу мүмкүн эместигин билдирген
Анара Мамытова