Чолпон-Атада «Чолпон» кинотеатры оңдоодон кийин ачылды

Чолпон-Ата шаарында көп жылдан бери пайдаланылбай келген «Чолпон» кинотеатры толук жаңылануудан өтүп, расмий ачылды. Иш-чарага маданият Мирбек Мамбеталиев жана шаар мэри Рустам Кадыркулов катышты. Бул тууралуу Чолпон-Ата мэриясы кабарлады.
Реконструкциянын натыйжасында кинотеатр эки чоң жана үч кичи кинозалдан турган маданий жайга айланган. Имараттын жалпы сыйымдуулугу 210дон ашык көрүүчүнү түзөт. Көрүүчүлөр үчүн күтүү залы, кафе жана эс алуу аймактары каралган. Учурда репертуарга негизинен кыргыз тасмалары киргизилген, жакынкы күндөрү чет элдик тасмалар да көрсөтүлө баштайт.
Министр Мирбек Мамбеталиев өз сөзүндө кино тармагы улуттук баалуулуктарды чагылдырган маданияттын бөлүгү экенин белгилеген. Ал жаңыланган кинотеатр шаар тургундары жана туристтер үчүн борбор болуп, анда фестивалдар жана чыгармачылык жолугушуулар өткөрүлүп турарын билдирген.