Кыргызстанга өзүнүн туристтик бренди жана премиум туризмге басым керек — эксперт

Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү үчүн маанилүү кадамдар жасалды. Бирок өлкөгө өзүнүн туристтик бренди, эл аралык деңгээлдеги маркетинг жана массалык арзан туризмден премиум эс алууга өтүү стратегиясы жетишпей жатат. Мындай пикирин Reporter.kg басылмасына туризм боюнча эксперт Максат Чакиев билдирди.
Анын айтымында, акыркы жылдардагы эң маанилүү чечимдердин бири — Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин түзүлүшү болду.
«Буга чейин бул министрликтин курамындагы жөн гана департамент болчу. Анын ыйгарым укуктары өтө аз эле. Азыр болсо туризм өзүнчө мамлекеттик агенттикке айланды. Бул — статусу жана саясий салмагы жагынан таптакыр башка деңгээл. Бул абдан туура кадам болду», — деди эксперт.
Ошол эле учурда Чакиев жаңы ведомство түзүлгөнүнө жарым жылга жакындаганы менен коомчулук анын туризмди өнүктүрүү боюнча концепциясын көрө электигин белгиледи.
«Агенттик кандай багытты тандайт, кандай концепция менен иштейт — азырынча көргөн жокпуз. Бул концепция азыр даярдалып жатат деп үмүттөнөбүз жана жакын арада коомчулукка сунушталат деп ишенебиз», — деди ал.
Эксперттин пикиринде, Кыргызстан коңшу өлкөлөрдү кайталоодон баш тартып, өзүнүн уникалдуу туристтик концепциясын түзүшү керек.
«Мисалы, көчмөндөрдүн этнотуризми боюнча Казакстанга окшошпуз. Бирок бизде өзүнчө концепция болушу керек. Маданиятыбыз окшош болгону менен Кыргызстан өзүнүн өзгөчө туристтик жүзүн түзүүгө тийиш», — деди Чакиев.
Ал дагы бир маанилүү милдет катары кыргыз туризминин толук кандуу брендин түзүүнү атады. Анын айтымында, азыр колдонулуп жаткан Visit Kyrgyzstan көбүрөөк туристтерди тартуу программасына окшош, бирок ал өлкөнүн туристтик бренди болуп эсептелбейт.
«Кыргыз туризминин өзүнүн таанымал бренди болушу керек», — деди эксперт.
Чакиевдин пикиринде, мындан ары премиум туризмди өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруу зарыл. Ал белгилегендей, акыркы 30 жылдан бери Кыргызстан негизинен экологиялык жана этнотуризмге басым жасап келет. Бирок мындай багыт өлкөгө чоң киреше алып келбейт.
«Бизде уникалдуу жаратылыш бар, бирок аны дээрлик кирешеге айландыра албай жатабыз. Азыркыга чейин жапайы туризм үстөмдүк кылат. Туристтер чатыр тигип алышат же жөн эле бөлмө, керебет ижарага алышат. Жаратылышты пайдаланышат, бирок өлкөнүн экономикасына дээрлик эч нерсе калтырбай кетишет. Бул бюджеттик же жапайы туризм», — деди ал.
Ошол эле учурда эксперттин айтымында, Ысык-Көлдө ири туристтик долбоорлордун ишке ашырылышы менен абал акырындык менен өзгөрө баштады.
Анын белгилешинче, бүгүнкү күндө көл жээгинде жаңы туристтик кластерлер түзүлүп жатат. Алардын алкагында беш жылдыздуу мейманканалар жана заманбап эс алуу комплекстери курулууда. Алардын катарында Ala-Too Resort, Swift Tamchy жана Кош-Көл туристтик кластери бар.
Чакиевдин пикиринде, дал ушул долбоорлор Кыргызстанда премиум туризмдин негизин түзөт.
«Бүгүн Чолпон-Ата же Бостеридеги коттедждерди 300–500 долларга ижарага алсаңыз, көп учурда жөн гана турак жай аласыз. Ал эми жаңы беш жылдыздуу мейманканаларда ушундай эле акчага хамам, бассейн, эртең мененки тамак, пляж инфраструктурасы жана жогорку деңгээлдеги тейлөө сунушталат. Бул таптакыр башка деңгээлдеги туризм», — деди эксперт.
Анын айтымында, мындай өзгөрүүлөр эски эс алуу жайларынын ээлерин да кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга мажбурлайт.
«Бул табигый эволюция. Эски Чолпон-Ата менен Бостеридеги туризм акырындап жоголот. Ишкерлер кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатып, өнүгүүгө инвестиция салууга аргасыз болушат», — деди Чакиев.
Ошол эле учурда ал тоо туризминде Кыргызстан дагы эле негизинен жапайы туризмди өнүктүрүп жатканын белгиледи.
«Кээде он чакты глэмпинг коюп алып эле аны туристтик комплекс деп аташат. Бирок глэмпингден башка эч нерсе жок. Европанын Альпы тоолорунда, Карпаттарда же Чехиянын тоолорунда да мындай жайлар бар. Бирок ал жакта туристке аэропорттон тосуп алуудан баштап коопсуздукка, тейлөөгө жана эс алууну уюштурууга чейин толук сервис көрсөтүлөт. Бизге да тоо туризмин цивилизациялуу деңгээлге чыгаруу керек», — деди ал.
Эксперт өзүнчө көйгөй катары Кыргызстандагы ири туристтик иш-чаралардын дүйнөлүк маалымат каражаттарында дээрлик чагылдырылбай жатканын белгиледи. Анын айтымында, дүйнөлүк деңгээлдеги ири иш-чаралар өтсө да, алар тууралуу чет элдик ЖМКларда дээрлик маалымат чыкпайт.
«Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары дүйнөлүк маалымат мейкиндигинде дээрлик көрүнбөйт. Атүгүл коңшу өлкөлөрдүн ЖМКлары да бул тууралуу өтө аз жазышат. Натыйжада дүйнөлүк деңгээлдеги иш-чара кадимки эле жергиликтүү фестиваль болуп калууда», — деди ал.
Ушундай эле жагдай, анын айтымында, Ысык-Көлдө өткөн Formula 1 Powerboat дүйнө чемпионатынын этабында да байкалган.
«Биз чоң каражат коротобуз, көп эмгек жумшайбыз. Бирок андан кийин бул тууралуу BBC, CNN, Euronews же Al Jazeera сыяктуу дүйнөлүк ЖМКлар дээрлик жазбайт. Натыйжада иш-чара өтөт, бирок дүйнө ал тууралуу дээрлик эч нерсе билбей калат», — деди эксперт.
Максат Чакиевдин пикиринде, Кыргызстан мындан ары туристтик потенциалды дүйнөгө таанытуу, маркетинг жана брендинг иштерине кыйла көбүрөөк көңүл бурушу керек. Анткени эл аралык деңгээлдеги илгерилетүүсүз эң ири долбоорлор дагы туризм тармагын толук кандуу өнүктүрө албайт.
Наргиза Токоева