«Рухтун жел кайыктары»: Ысык-Көлдө эл аралык регата башталдыПутин, Си Цзиньпин, Эрдоган жана башка лидерлер Бишкектеги ШКУ саммитине катышатДон Уилсон жана Бай Линг Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн Кыргызстанга келетШКУ саммити жана ДКО өтө турган күндөрү Бишкекте автобустар сейрек катташы мүмкүнШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндарынын коопсуздугун 15 миң кызматкер камсыздайтНепалдагы суу ташкындарынан 464 адам каза болуп, миңге жакыны дайынсыз болууда
Бүгүн Бишкекте миң адамга ооз ачар баштыкчалар таратылат
24.03.2023 | 09:00
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы “Тойбосс” компаниясы менен биргеликте бүгүн, 24-мартта «Биз менен ооз ачыңыз!» аттуу акциясын өткөрөт. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.
Акция Бишкек шаарындагы «Ынтымак» паркындагы амфитеатрда өткөрүлөт. Иш-чара кечки саат 18:00 башталат.
“Сиздер үчүн 1000 ооз ачар баштыкча таратылат. Өткөрүп жибербеңиз. Рамазандын алгачкы жума күнү өткөрүлүп жаткан акциябызга аалымдар, карылар, манасчылар жана ырчылар ардактуу конок болушат”, – деп билдирет муфтият.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда быйыл орозо 23-мартта башталды.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом