Бүгүн өзүнүн унаасы менен ишке келген шаардын аткаминерлери жазаланат

Бүгүн өзүнүн унаасы менен ишке келген шаардын аткаминерлери жазаланат
Шаардык чиновниктери коомдук транспортко түшкөнүн далилдеп соцтармакка сүрөттөрүн жарыялоодо

Бүгүн жумушка кызматтык жана өз унаасы менен келген 25 муниципалдык аткаминерге эскертүү берилди. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жыйында билдирди.

Анын  шейшемби жана бейшемби күндөрү коомдук транспорт менен гана жүрүү тапшырмасын Биринчи май жана Свердлов районунун акимдери аткарган эмес.

Алардан башка Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин директору У. Мусаев,  муниципалдык инспекциянын башчысы М. Амангелдиев, в  “Бишкексууканалдын” жетекчиси Ч. Жумалиев жана «Бишкекбашкыархитектуранын» начальниги А. Акимов дагы жеке унаасы менен ишке келишкен.

Муниципалдык ишканалардын жана акимиаттардын 19 кызматкери дагы коомдук транспортко олтурган эмес.

Аларга чара көрүлөт. Мэрия мындан ары кызматтык унааларды шашылыш  учурларда гана колдонот.

Белгилей кетсек, райондук акимиаттар шейшемби жана бейшембиде коомдук транспортко түшкөн жетекчи жана кызматкерлердин сүрөттөрүн социалдык тармакта жарыялап турат.

Айбек Жунушалиев өзү бул күндөрү кантип жумушка жетип жаткандыгы боюнча сүрөт чыгарыла элек.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>