Энергетика министрлиги энергетика тутумун күз-кыш мезгилине, ШКУ жана ДКӨгө даярдап жатат

04.08.2026 | 16:14
Энергетика министрлиги энергетика тутумун күз-кыш мезгилине, ШКУ жана ДКӨгө даярдап жатат — Новости Кыргызстана

Кыргызстандын энергетика министри Алтынбек Рысбеков энергетикалык компаниялардын, министрликтин тармактык бөлүмдөрүнүн жана тармактык уюмдардын жетекчилеринин катышуусунда кеңейтилген жыйын өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Энергетика министрлиги энергетика тутумун күз-кыш мезгилине, ШКУ жана ДКӨгө даярдап жатат — иллюстрация

Маалыматка ылайык, энергетика тутумун 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо, ошондой эле Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын (ДКӨ) иш-чараларын ишенимдүү электр энергиясы менен камсыз кылуу жыйындын негизги темалары болду.

Энергетика министрлиги энергетика тутумун күз-кыш мезгилине, ШКУ жана ДКӨгө даярдап жатат — контекст события
Рысбеков белгилегендей, министрликтин жаңыланган жетекчилигинин алдында энергетика тармагын тездетип өнүктүрүүнү, жаңы генерациялоочу кубаттуулуктарды ишке киргизүү боюнча долбоорлорду ишке ашырууну, электр тармактарын модернизациялоону, санариптик технологияларды киргизүүнү жана энергетика тутумун башкарууну автоматташтырууну камтыган милдеттер турат.

Жыйындын жүрүшүндө министр жаңы генерациялоочу объекттерди, көмөкчордондорду жана электр берүү линияларын курууну, учурдагы инфраструктураны модернизациялоону жана өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун бекемдөөнү камтыган тармакты өнүктүрүүнүн жаңы модели менен тааныштырды.

Энергетика министрлиги энергетика тутумун күз-кыш мезгилине, ШКУ жана ДКӨгө даярдап жатат — фото 4
«Электр станциялары» ААК, «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААК жана «Чакан ГЭС» ААК жетекчилерине компанияларды андан ары өнүктүрүү, анын ичинде жаңы кубаттуулуктарды ишке киргизүү, иштеп жаткан объекттерди модернизациялоо жана энергетика тутумунун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу боюнча сунуштарды даярдоо тапшырылды.

ШКУ, ДКӨ иш-чараларын өткөрүүгө жана алдыдагы күз-кыш мезгилине энергетика объекттерин даярдоого өзгөчө көңүл бурулду. Министрдин айтымында, бардык иштер так график боюнча аткарылышы керек, ал эми эл аралык иш-чараларды өткөрүүгө тартылган объекттер резервдик кубаттуулук булактары жана заманбап башкаруу системалары менен камсыз кылынат.

Жыйындын жыйынтыгы менен министрликтин бөлүмдөрүнүн жана энергетикалык компаниялардын жетекчилерине долбоорлордун ишке ашырылышын көзөмөлдөөнү күчөтүү жана коюлган милдеттердин белгиленген мөөнөттө аткарылышын камсыз кылуу тапшырылды.
Scroll to Top