Түндүк Кипрде кыргызстандык кыз бычактан жаракат алды — КР ТИМ кырдаалды көзөмөлдөп жатат

05.08.2026 | 09:40
Түндүк Кипрде кыргызстандык кыз бычактан жаракат алды — КР ТИМ кырдаалды көзөмөлдөп жатат — Новости Кыргызстана

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Түндүк Кипр Түрк Республикасынын аймагында КР жараны Ж.А. бычактан жаракат алганы тууралуу маалыматты тастыктады.

Такталгандай, 2026-жылдын 3-августунда Лефкоша шаарындагы супермаркеттердин биринде кол салуу болуп, анын кесепетинен аял киши бычактан жаракат алган. Жабырлануучу шашылыш түрдө ооруканага жаткырылып, ага операция жасалган.

Кыргызстандын Түркиядагы Элчилиги Түндүк Кипр Түрк Республикасынын укук коргоо органдары менен биргеликте окуянын чоо-жайын тактап, тиешелүү консулдук-укуктук жардам көрсөтүүдө.

Жергиликтүү укук коргоо органдары тергөө иштерин жүргүзүп жатат. Элчилик жабырлануучунун туугандары менен туруктуу байланышта болууда.

ТИМ бул кырдаал министрликтин жана Элчиликтин өзгөчө көзөмөлүндө экенин белгиледи.

Белгилей кетсек, жергиликтүү ЖМКлардын маалыматына караганда, 22 жаштагы кызды жарадар кылган эркек киши андан кийин ошол эле бычак менен өзүнө да жаракат келтирген.

Түндүк Кипрдин полициясы бул окуяны киши өлтүрүүгө аракет кылуу фактысы катары тергеп жатат. Кол салуунун себептери жана жабырлануучу менен ал жарандын ортосундагы мамиленин мүнөзү азырынча ачыктала элек.

Scroll to Top