Кыргызстандык дзюдочу Фадиль Исмагомбетов Душанбедеги эл аралык турнирде коло уттуНарында 350 орундуу жаңы оорукана курулушу мүмкүнКыргызстандыктар Азербайжандын курортторунда арзандатуу менен эс ала алышат — чоо-жайыОш шаары Франция менен туризм, илим жана инвестиция багытында кызматташууну көздөөдөМурдагы саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов үй камагына чыгарылганы маалымдалдыНафталандан Ысык-Көлгө чейин: Курорттук туризмдеги кызматташтык
Ак-Талаада сел жүрүп, турак үйлөрдүн короосун каптап кетти
05.08.2026 | 12:02

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Тилек айылында «Шор» каналынан сел суулары ашып, 18 турак үйдүн короосун каптап кетти. Бул тууралуу ӨКМнын облустук башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, сел сууулары эки үйдүн жертөлөсүнө кирген. Ошондой эле беш үйдүн короосуна сел калдыктары толгон.
Мекеме учурда аймакты тазалоо иштери жүрүп жатканын билдирди. Кесепеттерди жоюуга Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 12 куткаруучу, Жарандык коргонуу кызматынан 8 кызматкер жана бир жүктөгүч техника тартылды. Жалпысынан 20 адам жеринде иш алып барууда.
Эске салсак, буга чейин ӨКМ 4-августтан 6-августка чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкө аймактарында сел жүрүү жана суу каптоо коркунучу сакталарын эскерткен.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар