ЖРТга катышпай калган абитуриенттер үчүн тесттин кечиктирилген этабы болотСадыр Жапаров Фарид Ниязовго ырайым кылды — булактарБишкектеги «Акыркы коңгуроо»: милиция ондогон мыйзам бузууларды аныктадыКөңүл бургула! 1-июнда Ала-Тоо аянтынын тегерегинде унаа кыймылы чектелет«Наристе» эл аралык балдар фестивалы: Бишкекке Санкт-Петербург жана Пушкинодон делегациялар келдиШаар тургундары менен жолугушуулардын жыйынтыгы — Бишкек мэрине 1,4 миң кайрылуу келип түштү
Бүгүнтөн тарта Бишкекте ысык суу бир айга өчөт
17.05.2021 | 09:35
Бүгүн, 17-майдан тарта Бишкекте ысык суу бир айга өчүрүлөт. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ысык суу 17-июнга чейин жок болот. Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов кол койгон.
Өчүрүү жыл сайын жүргүзүлүүчү техникалык тейлөө иштерине жана жылуулук тармактарын, жылуулук керектөө тутумдарын жылытуу мезгилине сапаттуу жана өз убагында даярдоону камсыз кылуу максатында жүргүзүлөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом