Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Бүгүнтөн тарта Кыргызстан Тажикстандан электр ала баштады
01.10.2021 | 17:49
Кыргызстан Тажикстандан электр энергиясын алып жатканына 2 саат болду. Бул туурасында Энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымына караганда, Тажикстандан электр энергиясы суткасына 1 млн. киловатт сааттан алып жатат. Коллегалары менен сүйлөшүп, бүгүнтөн тартып ала баштаган. Коңшу өлкөдө азырынча суу ашыгыраак болуп жатат.
Ошондой эле электр энергиясын алмашуу болбостугун, сатып алып жатканын кошумчалады. Министр азырынча баа боюнча айта албайм, бирок, бул сүйлөшүүлөр болуп жатканын айтты.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика