Быйыл 10 айда Кыргызстанга чет мамлекеттерден 69 жаран экстрадицияланды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Алар кылмыш жоопкерчилигине тартуу же сот өкүмүн аткаруу максатында экстрадицияланган.
Ошол эле учурда Кыргызстандан чет өлкөлөргө 38 кылмышкер өткөрүлүп берилген.