COP31: Кыргызстандын павильонунда климаттын тоо туризмине таасири талкууландыБишкекте Манас көчөсүндө бир акцияда 6 миң көчөт отургузулдуМуниципалдык мүлктү жергиликтүү кеңештин макулдугусуз күрөөгө коюу сунушталуудаБишкекте балдардын коопсуздугу боюнча ата-энелер чогулуштары өттүЖапаров Жети-Өгүз жана Тоң тургундарынын кайрылууларын кароону тапшырдыЭркин Болжуров — фотография, кино, президенттер жана живописке кайтуу жөнүндө
ИИМ: Ошто сот аткаруучу пара менен кармалды
29.10.2024 | 19:15
Сот аткаруучу пара опузалоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Министрликтин маалыматы боюнча, Ош облусунун милициясына бир тургун кайрылып, сот аткаруучу пара талап кылып жатканын билдирген. Анын айтымында, сот аткаруучу унааны камактан чыгаруу үчүн башында 30 миң сом опузалап, кийинчерээк андан азыраак акча сураган.
Аталган факт боюнча “пара талап кылуу” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
ИММден белгилешкендей, сот аткаруучу 28-октябрда пара алып жаткан жеринен кармалган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом