Быйыл ажылык сапардын баасы 4.5 миң доллар деп белгиленди

Быйыл ажылык сапардын баасы 4.5 миң доллар деп белгиленди

Кыргызстан быйыл ажылыкка 2766 квота алган. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

«Быйыл ажылык сапардын баасы болжол менен 4,5 миң долларды түзөт. Бирок бул болжолдуу гана сумма, өзгөрүшү мүмкүн», — деп билдирди Муфтияттын басма сөз кызматы.

Муфтият эки жылдан бери кыргызстандыктар пандемиядан улам ажылыкка барбай калганын, бул аралыкта авиакаттамдар жана башка чыгымдар кымбаттаганын, ошондуктан ажылык сапардын жалпы баасы жогорулаганын белгиледи.

2019-2020-жылдардан бери электрондук тизмеде кезекте турган зыяратчылар акчасын 25-апрелден 30-апрелге чейин кайтарып бериши керек.

«Ошондой эле учуп кетерге чейин 72 сааттан эрте эмес COVID-19га ПЦР-тесттен өтүп, коронавируска каршы эмдөөдөн өтүү зарыл. Ажылык учурунда зыяратчынын жашы 65 жаштан ашпашы керек», — деп айтылат Муфтияттын маалыматында.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>