Быйыл Кыргызстан менен Россиянын соода жүгүртүүсүнүн көлөмү өстү

Быйыл Кыргызстан менен Россиянын соода жүгүртүүсүнүн көлөмү өстү

Быйыл Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү өстү. Бул тууралуу  Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Россиянын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченко менен жолугушууда билдирди.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, айрыкча парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Төрага Нурланбек Шакиев Кыргызстан Россия менен калыптанган стратегиялык өнөктөштүктү ар тараптуу өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин белгилеп: “Мамлекеттер аралык байланышыбыз өз ара ишенимге жана тарыхый алакага негизделгени менен өзгөчөлөнүп келет. Андыктан бардык багыттагы кызматташтыкты арттырып, ЕАЭБ, ШКУ, КМШ өңдүү эл аралык уюмдардын алкагындагы өнөктөштүктү да жигердүү өнүктүрүүбүз кажет”,– деди.

Ошондой эле экономикалык алакалардын учурдагы абалына токтолгон Жогорку Кеңештин Төрагасы: “Быйылкы жылдын 9 айында Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 2 млрд 226 млн АКШ долларына жетип, былтыркы жылдын белгиленген мезгилине салыштырмалуу 36,8%га жогору болду. Бул албетте чек эмес. Биз негизги соода өнөктөшүбүз катары Россия менен экономикалык байланышты мындан ары да чыңдоону көздөйбүз”,– деп кошумчалады.

Муну менен катар парламенттер аралык кызматташтык тууралуу да сөз кылган Нурланбек Шакиев бул жааттагы алакалар да жигердүү уланып жатканын белгилеп, кийинки жылы Россия Федерациясына расмий иш сапары менен баруу планы бар экенин маалымдады.

Өз кезегинде Николай Удовиченко эки тараптуу жана эл аралык аянтчалардагы алакалардын учурдагы абалы тууралуу маалымат берди. Айрыкча, экономика, медицина, маданият, өзгөчө кырдаалдардан коргоо жана коопсуздук жаатында кызматташтыкка өзгөчө маани берилип жатканын белгиледи.

Андан тышкары, билим берүү тармагы боюнча ири долбоорлор иштелип чыгып, Кыргызстанда мектептерди куруу пландалып жатканын сөз кылды. Ошондой эле быйыл туризм чөйрөсүндө да жыйынтыктар жакшы экенин айткан элчи мында түз аба каттамдарынын көптүгү жакшы таасир бергенин кошумчалады.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>