Чүйдө аялынын мурунку күйөөсүнө бычак сайган жаран кармалды

Чүйдө аялынын мурунку күйөөсүнө бычак сайган жаран кармалды

Ысык-Ата районунда кызганычтан улам аялынын мурунку күйөөсүнө бычак сайган жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 19-декабрь күнү саат 15:30 чамасында Ивановка айылдык ооруканага Гидростроитель айылынын 1984-жылы туулган С.В. аттуу тургуну бычактан бир нече жаракат алган абалда түшкөн.

Бул факт Ысык-Ата РИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин  37-122-беренесинде (адам өлтүрүүгө аракет жасоо) көрсөтүлгөн кылмыштын курамы менен кылмыш иши козголгон.

Ысык-Ата РИИБдин кызматкерлери тарабынан изи сууй электе жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-аракеттеринин натыйжасында, бул кылмышты 1967-жылы туулган Ш.С. аттуу жаран жасагандыгы аныкталган.

Окуя боюнча жарандык никедеги жубайын кызганып, жабырлануучу менен байланышы бар экендигинен шек санап, бычак менен бир нече жолу денесине сайып жибергенин айткан.

Жабырлануучу жарандык никедеги аялынын мурунку күйөөсү экендиги аныкталган. Шектүү Кылмыш-жаза кодексинин 96-беренесинин талаптарына ылайык, убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Тергөө амалдары улантылууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>