Бишкекте милиционер сабалып, буту сынган. Дагы үч шектүү кармалды

Бишкекте милиционер сабалып, буту сынган. Дагы үч шектүү кармалды

Бишкекте милиция кызматкеринин сабалышы боюнча дагы үч шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясы билдиришти.

Эскерте кетсек, буга чейин шектүүлөдүн бири — Э.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Маалыматка караганда, 17-майга караган түнү «102» кызматына Жал кичирайонунда, Тыналиев көчөсүндө мушташ болуп жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя жерине милиция кызматкерлери барып, К.М. аттуу жаран сабалганы белгилүү болгон. Ал тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилген. Анын баш мээси чайкалып, буту сынган.

Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары дагы үч адам кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды: 23 жаштагы Б.Б., К.Р. жана Ш.А аттуу жарандар.

Иликтөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, кармалган жарандар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турбайт. Ал эми сабалган жаран Бишкектеги райондук милициянын кызматкери болуп саналат.

Учурда иликтөө иштери уланып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Бишкекте милиция кызматкерин сабагандардын бири кармалды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: КООМ , ОКУЯЛАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>