Ош шаарында жаңы онкологиялык борбор курулатЖамгыр, тоолорго кар жаап, түнкүсүн үшүк жүрөт: 26-октябрга карата аба ырайыБанктар сом менен чет өлкөлүк валютага караганда 15 эсе көп депозит кабыл алыштыБанктардагы жаңы депозиттердин көлөмү сегиз айда 29%га өстүБишкекте турак үйлөрдөн жасалма алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү жайлары аныкталдыКР коргоо министринин мурдагы орун басары Бишкектин кырсыктарга даяр эместигин эскертти
Быйыл сүттү экспортоо көлөмү өстү
20.11.2021 | 10:15
Быйылкы жылдын 10 айында Кыргызстанга 10 миң 828,3 тонна сүт азыктары импорттолсо, 31 миң 926,3 тонна экспорттолгон. Ошентип, сүт азыктарынын экспорту импорттон үч эсеге ашты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматы боюнча, январь айынан октябрга чейин 132 миң 214 тонна кайра иштетилген сүт азыктары өндүрүлгөн. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 3100 тоннага же 21%га көп.
“Өлкө калкынын 2021-жылга карата сүт жана сүт азыктарына болгон муктаждыгы 889 миң 300 тоннаны түзөт. Ал эми 2021-жылдын 10 айында сүт жана сүт азыктарын өндүрүү 1 миллион 709 миң 900 тоннаны түздү. Алсак, сүт жана сүт азыктары менен камсыздоо 192,27% түздү”, – деп билдирди Айыл чарба министрлиги.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика