Самаков шайлоо күнүн эс алуу күнү кылбоону сунуштадыБШК бир тилкедеги шайлоочулардын санын 3 миңден 4 миң адамга чейин көбөйттүЖапаров: КРдин экономикасынын өсүшү дүйнөдөгү эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бириСадыр Жапаров ЖК менен кабминдин пикир келишпестиги тууралуу: Бул табигый көрүнүшЧет элдик ырчылар катышкан концерт уюштурам деп алдап кеткен. Бишкекте шектүү кармалдыЖапаров саясатчыларга, журналисттерге жана блогерлерге өз сөздөрү үчүн жоопкерчиликти эскертти
Быйыл жети айда 6 миң 218 кыргызстандык Өзбекстанга дарыланууга барган
17.09.2024 | 09:50
Быйыл январь-июль айларында Кыргызстандын 6 миң 218 жараны Өзбекстанга дарыланууга барган. Бул тууралуу коңшу мамлекеттин Статистика агенттиги билдирди.
Жети айда Өзбекстанга дарыланууга барган чет элдиктердин саны 56,9 миңге жеткен. Ал былтыркы 7 айга караганда 31,1 миң ишиге көп.
Кыргызстандыктар коңшу мамлекетке дарыланууга барган чет өлкөлүктөрдүн арасында үчүнчү орунда турат.
Өзбекстанга дарыланууга барган чет элдиктер:
- Тажикстан — 51 миң 603 киши;
- Казакстан — 7 миң 735 адам;
- Кыргызстан — 6 миң 218 киши;
- Россия — 1 миң 135 адам;
- Түркмөнстан — 587киши;
- Түркия — 24 адам;
- Башка өлкөлөр — 89 киши.ы
Рубрики: Жаңылыктар, Коом