Алимент жана 10 миң сомго чейинки талаштар: Кыргызстанда юридикалык жардам көрсөтүүнүн жаңы эрежелери сунушталуудаСентябрь айында Кыргызстанга четтен 274 млн доллардан ашык акча которулганКыргызстанда атаандаштыктын бузулушу боюнча арыздарды жаңы эрежелер менен кароо сунушталуудаКыргызстанда малдын породасын аныктоочу мобилдик тиркеме сыноодон өткөрүлдүАрмения ЖККУда добуш берүү укугунан ажыратылды — бул Ереван үчүн эмнени түшүндүрөт?Бишкекте курулуш компаниясынын жетекчиси алдамчылыкка шектелип кармалды
Жапаров: КРдин экономикасынын өсүшү дүйнөдөгү эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири
09.09.2026 | 13:06

Кыргызстандын экономикасынын өсүү темпи дүйнөдөгү эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири бойдон калууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып билдирди.
Анын айтымында, акыркы төрт жылда өлкө экономикасынын орточо жылдык өсүү темпи 10,2 пайызды түздү.
Президент белгилегендей, 2026-жылы да өсүш уланууда. Январь — июль айларынын жыйынтыгы боюнча ички дүң продукциянын реалдуу өсүү темпи 11,1 пайызды түздү.
«Бул Борбордук Азияда гана эмес, дүйнө жүзүндө эң жогорку экономикалык өсүү темптеринин бири», — деди Садыр Жапаров.
Президент өлкөнүн экономикалык потенциалынын бекемделишин акыркы жылдардагы башкы жетишкендиктердин бири деп атады.
Теги: Садыр Жапаров