Кыргызстанда үч жылда баалар дээрлик 22% кымбатташы мүмкүнМинистрлер Кабинети 2027-жылы Кыргызстандын ИДПсы 2,7 трлн сомго жетерин болжолдоодоТокмокто улгайган аялды өлтүрүүгө шектелип 28 жаштагы эркек киши кармалдыКР Министрлер кабинети алюминий сыныктарын, анын ичинде ЕАЭБге чыгарууга тыюу салууну сунуштоодоБишкек мэри Жапаровдон эмне үчүн тил укканы жана президент менен туугандыгы тууралуу имиштер боюнча жооп бердиЭр-Рияддагы аэропортко экинчи жолу чабуул жасалды. Кыргызстандын ТИМи соккуларды айыптады
Жапаров саясатчыларга, журналисттерге жана блогерлерге өз сөздөрү үчүн жоопкерчиликти эскертти
09.09.2026 | 12:42

Президент Садыр Жапаров коом үчүн маанилүү маселелерди пайдаланып, саясий упай топтоого аракет кылган саясатчыларды сынга алды.
Парламентте сүйлөп жатып мамлекет башчысы коомдук жана саясий ишмерлер, депутаттар, эксперттер, журналисттер жана блогерлер айткан ар бир сөзү үчүн жоопкерчилик бар экенин унутпашы керектигин белгиледи.
«Котур ташын койнуна катып алып, жакшы иштерден дагы кемчилик издеп, элди бөлүп-жарууга аракет кылган саясатчыларыбыздын кытмыр ой-пикирлерине жетеленбейли», — деди Садыр Жапаров.
Анын айтымында, элдин сезимине тийген маселелерди атайылап курчутуп, коомдун бир бөлүгүн экинчи бөлүгүнө тукуруу аркылуу саясий упай топтоого жол берилбеши керек.
Президент социалдык тармактардын активдүү колдонуучуларына да кайрылды.
«Интернетке жалган пикир жазып, өз көзүнө көрүнүп, эл көзүнө көрүнүп, аккаунтуна катталуучу топтогон жарандарды ошол акылын, ошол убактысын, ошол күч-кубатын мамлекетибиздин өнүгүүсүнө жумшоого чакырып кетет элем», — деди ал.
Теги: Садыр Жапаров