Бишкекте скульптор Виктор Шестопалдын юбилейлик көргөзмөсү өтөтЧет өлкөлүк капиталы бар ишканалар 2025-жылы 109 млрд сом пайда таптыНарын дарыясында мыйзамсыз балык уулаган жарандарга айып пул салындыЧет өлкөлүк капиталы бар ишканаларда орточо айлык акы 61,9 миң сомду түздүКыргызстанда сотко кайрылуудан мурда медиатор менен милдеттүү жолугушуу киргизилетКыргызстандыктар Беларуста 30 күн каттоосуз жүрө алышат
Садыр Жапаров ЖК менен кабминдин пикир келишпестиги тууралуу: Бул табигый көрүнүш
09.09.2026 | 12:55

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңеш менен аткаруу бийлигин пикир келишпестиктерге карабастан кызматташууну улантууга чакырды.
Анын айтымында, бийлик бутактарынын ортосунда пикирлердин айырмачылыгы болушу — табигый көрүнүш. Талаш-тартыштар да болушу мүмкүн. Бирок кабыл алынган чечимдердин өзөгүндө мамлекеттин кызыкчылыгы жана элдин жыргалчылыгы турушу керек.
«Элибиз бизден курулай убадаларды эмес, натыйжаны, талаш-тартышты эмес, туура чечимди, бири-бирибизди күнөөлөп, жер каратууну эмес, жоопкерчиликтүү ишти күтөт», — деди президент.
Ал өлкөнүн алдына коюлган максаттарга бийликтин бир гана бутагынын аракети менен жетүү мүмкүн эместигин белгиледи.
Садыр Жапаровдун айтымында, президент, Жогорку Кеңеш жана Министрлер Кабинети өз ара түшүнүшүү жана конструктивдүү кызматташуу менен иш алып барганда гана мамлекет алдыга жылат.
Теги: Садыр Жапаров