Кыргызстандын Кытай менен товар жүгүртүүсү 27 млрд долларга жетти — Айыл чарба министрлигиЫсык-Көлгө 3,7 миллион даана балык чабагы коё берилдиКыргызстандык мектеп окуучулары Тажикстандын парламентинде болуштуБишкекте ишкерлер менен инвесторлорду бириктирген эл аралык көргөзмө өтүүдөСагынабызбы? Депутаттар сентябрга чейин каникулга тараштыБишкектин айрым көчөлөрүндө 26-июнда ичүүчү суу убактылуу токтотулат
Былтыр Кыргызстанда 3 миң 148 өрт кырсыгы болуп, 47 адам көз жумган
04.02.2025 | 09:00
Былтыр Кыргызстанда 3 миң 148 өрт кырсыгы катталып, келтирилген материалдык зыян 883 млн 259,8 миң сомду түзгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Тилсиз жоонун кесепетинен 47 адам каза болгон. Алардын жетөө жаш балдар. Жабыркаган адамдардын саны 27ни түзгөн, бири жаш бала.
Ал эми 2023-жылы өлкө боюнча 3 миң 498 өрт кырсыгы катталып, материалдык зыян 1 млрд 410 млн 377,8 миң сомго жеткен. Өрт кырсыгынан 35 киши, анын ичинде 6 бала көз жумган. 31 адам жабыркаган, бешөө жаш бала.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом