Быйылкы окуу жылында Таластагы «Акылман» президенттик лицейи окуучуларга эшигин ачат

18.08.2026 | 16:15
Быйылкы окуу жылында Таластагы «Акылман» президенттик лицейи окуучуларга эшигин ачат — Новости Кыргызстана
Быйылкы окуу жылында Таластагы «Акылман» президенттик лицейи окуучуларга эшигин ачат — иллюстрация
Быйылкы окуу жылында Таластагы «Акылман» президенттик лицейи окуучуларга эшигин ачат — контекст события
Быйылкы окуу жылында Таластагы «Акылман» президенттик лицейи окуучуларга эшигин ачат — фото 4
Быйылкы окуу жылында Таластагы «Акылман» президенттик лицейи окуучуларга эшигин ачат — фото 5

Быйылкы келе жаткан окуу жылында «Акылман» президенттик лицейинин Талас шаарындагы филиалы окуучуларды кабыл алат. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Аталган окуу жай жалпысынан 920 окуучуга ылайыкталган. Имараттын комплексинде 168 орундуу жатакана каралган. Быйылкы окуу жылында лицей 7-8-класстарга 96 окуучуну кабыл алат.

Бүгүн, 18-августта, агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева аталган лицейинин ачылышына карата көрүлүп жаткан даярдыктар менен таанышып чыккан. Ал курулуш иштеринин абалын жана окуу кабинеттерин текшерген.

Белгилей кетсек, “Акылман” президенттик лицейи окуучулардын интеллектуалдык, илимий жана чыгармачылык потенциалын өнүктүрүү максатында 2023-жылы түзүлгөн. Мекеме президенттик фонддун эсебинен каржыланат.

«Акылман» президенттик лицейинин Талас шаарындагы филиалынын курулушу былтыр 2025-жылы башталган. Учурда Жалал-Абад облусунун борбору Манас шаарында да «Акылман» лицейи курулуп жатат.

Scroll to Top