Кыргызстанда президенттик шайлоо качан жарыяланарын Дастан Бекешев айтып берди

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Reporter.kg басылмасына Кыргызстандын президентин шайлоо качан жарыяланышы мүмкүн экенин айтып берди.
Анын айтымында, эгерде ЖКнын тармактык комитети маселени 15-сентябрда караса, анда 17-сентябрда эле токтомдун долбоору парламенттин кароосуна коюлушу мүмкүн.
«Негизи, шайлоого 100 күн калганда, бирок 90 күндөн кеч эмес мөөнөттө Жогорку Кеңеш президенттик шайлоону жарыялашы керек. Бизде 10 күн бар», — деп түшүндүрдү Бекешев.
Депутат белгилегендей, токтомду кабыл алуу — бул процедуралык маселе, анткени президент өзүнүн жарлыгы менен президенттик шайлоону дайындай албайт.
«Эгерде, дейлик, Жогорку Кеңеш токтомду кабыл албаса, анда БШК (Борбордук шайлоо комиссиясы) өзү чечим кабыл алып, шайлоону жарыялайт. Негизи, менимче, бул маселе же 17синде, же сентябрдын 20ларында каралат», — деди эл өкүлү.
Эске салсак, мыйзамдарга ылайык, Кыргызстандын президентин кезектеги шайлоо анын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүтө турган жылдын январь айынын төртүнчү шаршембисинде өткөрүлөт.
Жогорку Кеңештин депутаттарын кезектеги шайлоо дагы эми парламенттин иштеп жаткан чакырылышынын конституциялык мөөнөтү аяктаган айдын шаршемби күнү өткөрүлөт. Буга чейин Кыргызстанда шайлоолор жекшемби күндөрү өткөрүлүп келген.
Ошентип, Кыргызстандын президентин кийинки шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт.
Анара Мамытова