Чарчаңкы болсоңуз рулга отурбаңыз! Милициянын айдоочуларга эскертүүсү

Чарчаңкы болсоңуз рулга отурбаңыз! Милициянын айдоочуларга эскертүүсү

Жыл башынан бери Ысык-Көл облусунда айдоочу уктап кеткендигине байланыштуу 5 жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 5 адам каза болуп, 11 адам ар кандай жаракаттарды алышкан, алардын ичинен беши жашы жете элек өспүрүмдөр. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жай мезгилинде Ысык-Көлдө жайгашкан эс алуу жайларына көптөгөн адамдар келет.  Андыктан, Ысык-Көл облусунун аймагы аркылуу өткөн Балыкчы —Ананьево —Каракол жана Балыкчы —Бөкөнбаев —Каракол автоунаа жолунда, түнкүсүн да тынымсыз транспорт каражаттары жүрүп турат.

Көптөгөн айдоочулар автоунаалары менен жүздөгөн жана миңдеген километр аралыкта, анын ичинде түн ичинде жол жүрүшөт. Мындай учурларда айдоочулар чарчагандыктан, автоунааны башкарып бара жатып, уктап калышы мүмкүн. Бул өзү,  жол кырсыгына кабылуу коркунучун бир топ жогорулатат.

Ушундан улам Ысык-Көл ОИИБ боюнча ЖКККБнын кызматкери бардык айдоочуларды узун жол жүргөндө шашпай, чарчасаңыз автоунааны жолдун четине токтотуп, эс алып алууга жана андан кийин гана сапарды улантууга чакырат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>