Аткаминерлер жазадан кантип бошойт? Юстиция министрлиги маалымат берди

Аткаминерлер жазадан кантип бошойт? Юстиция министрлиги маалымат берди

Мамлекеттик кызматкерлер кабыл алган чечимдери үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт. Мындай сунушту Юстиция министрлиги Жарандык, Жарандык процесстик жана Административдик процесстик кодекстерге өзгөртүүлөрдү киргизүү менен тааныштырды.

Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин жыйынында каралууда.

Юстиция министринин орун басары Зарылбек Алмазбек уулунун айтымында, долбоор министрлер кабинети жөнүндө жаңы конституциялык мыйзамдын негизинде иштелип чыккан.

«Укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн натыйжасында мамлекеттик кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугу төмөн болуп, маанилүү чечимдер кечиктирилип кабыл алынууда. Ошондуктан биз сунуш кылабыз: эгерде кызмат адамынын чечими мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн кабыл алынса, ал кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт», — деди ал.

Зарылбек Алмазбек уулу мамлекеттик кызматкерлер ушундай жол менен эффективдүү иштешет деп эсептейт. Бул эреже мамлекеттик кызматкерлерге тиешелүү эмес.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>