Керектөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдүБишкекте Шакиранын концертине байланыштуу айрым көчөлөр жабылды
Чехияда президенттик шайлоо башталды
13.01.2023 | 22:27
Чехияда бүгүн, жума күнү президенттик шайлоо башталды. Ал эки күндөн кийин соңуна келет. Милош Земандын ордуна сегиз талапкердин кимиси мамлекет башчы болоорун өлкөнүн жарандары аныкташы керек.
Негизги талапкерлердин арасында жакында эле алдамчылык боюнча акталып, Прагада Украина боюнча “тынчтык саммитин” өткөрүүнү сунуштап жаткан өлкөнүн мурдагы премьер-министри Андрей Бабиш да бар.
НАТОнун Аскердик комитетинин экс-төрагасы Петр Павел жана Брно шаарындагы Мендель университетинин мурдагы ректору Дануша Нерудова менен атаандашат. Соңку социологиялык изилдөөлөр боюнча, алардын ар бири шайлоочулардын 26-27% колдоосуна ээ.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар