Чек ара чыры: Баткенде 18 миңден ашуун адам эвакуацияланды

Чек ара чыры: Баткенде 18 миңден ашуун адам эвакуацияланды

Кыргызстандын Кызыл Жарым Ай коому Баткендеги эвакуациялангандарга керектүү гуманитардык жардам көрсөтүүнү улантууда. Бул тууралуу аталган уюмдун өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Кызыл жарым ай коомунун Баткен облусундагы бөлүмүнүн маалыматы боюнча, 18 миңден ашык жаран эвакуацияланган. Анын ичинен Боз-Адыр айылына 2 миң 581 адам, Сүлүктү шаарына 2 миң 740 адам, Кадамжай шаарына 9 миң 870 адам жана Газ, Согмент, Чарбак, Кыштуут, Таян айылдарына 3 миң 334 адам көчүрүлгөн.

«Учурда Баткен өкүлчүлүгүнүн ыкчам тобу эвакуацияланган жарандарга убактылуу жайгаштыруу борборлорунда биринчи психологиялык колдоо көрсөтүүдө. 16-сентябрда Кызыл Жарым Ай Бишкектен кошумча колдоо көрсөтүү үчүн төмөнкү гуманитардык жардамды тапшырды: кагаз салфеткалар, гигиеналык жана ашкана комплекттери, антисептиктер, шейшептер, кийимдер, матрацтар, уктоочу баштыктар, суу баллондор, тазалоочу каражаттар, кол каптар, таңгычтар, балдар үчүн оюнчуктар, бир жолу колдонулуучу идиш-аяктар, памперстер», — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, Баткен облусунун калкына колдоо көрсөтүү үчүн Ош жана Жалал-Абад облустарынан Кызыл Жарым Ай коомунун табигый кырсыктарга каршы топтору мобилизацияланып, Талас, Нарын, Чүй жана Ысык-Көл облустарынан кошумча кызматкерлердин тобу жөнөтүлөт

16-сентябрь күнү эртең менен Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы бир нече тилкелерде ок атышуу башталган. УКМКнын Чек ара кызматынын маалыматына караганда, таңкы саат 6:00 чамасында тажик тарап чек ара отряддарын жана кыргыз тараптын позицияларын аткылай баштаган. Кийинчерээк тажик тарап Лейлек жана Баткен райондорундагы чек ара заставаларын жана чек ара айылдарын миномет менен аткылаган. Буга чейин 55 адам жарадар болуп, айрымдары каза болгон. 14-сентябрдагы атышуулар бүгүн да уланууда. Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан улам Баткен жана Лейлек районунун жети айылынын тургундары үйлөрүн таштап кетишкен.

Кыргызстан менен Тажикстандын атайын кызматтарынын жетекчилери Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов саат 16:00дө ок атышууну токтотуу боюнча макулдашкан. Андан соң президенттер Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон да ок атышууну токтотуу боюнча макулдашкан. Кыргызстандын Чек ара кызматынын акыркы маалыматы боюнча, тажик тарап кайрадан ок чыгарган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>