Бишкекте BTS, Backstreet Boys жана Дженнифер Лопестин концерттери өтүшү мүмкүнСадыр Жапаров Арменияга расмий сапар менен баратОш облусунда зыяндуу чегирткелердин кыштоочу жайлары аныкталуудаМанасчы Мамбет Чокмор уулунун 130 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өтөтКыргызстанда мотоциклдерди, мопеддерди жана скутерлерди мыйзамдаштыруу пландалуудаЖогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТга каттоо башталды
Садыр Жапаров коррупция тууралуу билдирүүгө чакырды: Мен силер тарапта болом
09.09.2026 | 12:08

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды мамлекеттик органдардагы коррупция фактылары тууралуу билдирүүгө чакырды. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып билдирди.
Мамлекет башчысы сөз далилденген жана негизделген маалыматтар жөнүндө болуп жатканын белгиледи. Анын айтымында, мындай маалыматтар коррупция менен күрөшүүгө жардам берет.
«Мамлекеттик кызматтарда коррупциялык көрүнүштөр болсо, далилденген, негизделген фактылар менен элдин алдына алып чыксаңыздар, албетте, мага эң чоң жардам берген болосуздар. Мен сиздер тарапта болом, сиздерди колдоймун, сиздерге рахмат гана айтам», — деди Садыр Жапаров.
Президент коррупцияга каршы катуу чаралар көрүлөрүн кошумчалады.
«Биз мамлекеттин өнүгүшүн артка тартып жаткан көрүнүштөрдү, айрыкча коррупцияга аралашкандарды аёосуз жазалайбыз», — деди ал.
Теги: Садыр Жапаров