Чек ара кызматы такталбаган аймакта курулуш токтотулганын кабарлады

19.09.2019 | 09:31

Кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган аймактарда тажик жарандары курулуш иштерин токтотту. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Лейлек районунун Максат айылына жакын жердеги курулушту тажик тарап 16-сентябрдагы ок атыштан кийин токтоткон. Бүгүн Баткен районунун Жака-Өрүк аймагына жакын жердеги курулуш иштери токтотулду.

Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу экенин белгилеп, эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрү сүйлөшүүнү улантып жатканын кабарлады.

Scroll to Top