Чек ара кызматына 40 даана аскер техникасы берилди

Чек ара кызматына 40 даана аскер техникасы берилди

Зооттолгон аскердик техниканын кырк даанасы Улутттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын өздүк курамын чыңдоо жана өлкөнүн мамлекеттик чек арасын бекемдөө үчүн Мамлекет башчысынын тапшырмасы боюнча сатылып алынган. Бул туурасында Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, өлкөнүн эгемендүүлүк тарыхында биринчи жолу биздин жергиликтүү аймакка ылайыкталган жаңы аскердик техника ушунча санда толугу менен бюджеттик каражатка сатылып алынды.

Атайын техниканы тапшыруу аземи болду. Ага өлкө башчысы Садыр Жапаров да катышты.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>