Садыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачтыКыз ак калпакты өрттөп, тойлордо белек берүү салтынан баш тартууга чакырдыБишкекте СТО жайгашкан имараттагы өрттөн бир адам каза болдуСом түштүк корея вонуна карата бекемделип, британ фунтуна карата алсырадыПРООН киберкылмыштуулук менен күрөшүүчү адистерди даярдоого жардам беретЖети-Өгүз районунда жетим балага үй куруу үчүн жер тилкеси берилди
Чек арачы, ЖКнын депутаттыгына талапкер. Дагы кимдердин акыйкатчынын орун басары болгусу келет?
14.05.2021 | 11:29
Чек арачы Бакыт Үзөнбаев Кыргызстандын акыйкатчысынын орун басары болгусу келет. Бул тууралуу Reporter.kg өздүк булактар билдирди.
Үзөнбаев буга чейин “Мекен ынтымагы” партиясынан Жогорку Кеңештин шайлоосуна аттанган. Ал акыйкатчынын орун басары болуу үчүн жетинчи талапкер.
Андан сырткары өз талапкерлигин койгон алты адамдын тизмеги:
- Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун мурдагы жетекчиси Нурдин Сулайманов;
- Адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы боюнша
- Укук коргоо органдарында жана эркиндиги чектелген жерлерде адам укуктарын коргоо боюнча акыйкатчынын аппаратынын сактоо департаментинин башчысы Альберт Колопов;
- Акыйкатчынын мурдагы орун басары Мамат Момунов;
- Акыйкатчынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Камалдин Рахматуллаев;
- Акыйкатчынын орун басары Ерлан Алимбаев;
- Акыйкатчы аппаратынын жарандык жана саясий укуктарын, мигранттардын, чет өлкөлүк жарандардын, жарандыгы жок адамдардын жана аскер кызматкерлеринин укуктарын коргоо бөлүмүнүн башчысы Замир Өмүрзак уулу.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат