Чек арачыларга пара берген деген айып менен үч адам кармалды

Чек арачыларга пара берген деген айып менен үч адам кармалды

УКМК тарабынан коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча пландуу жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында, Чек ара кызматы менен биргеликте чек ара башкармалыгынын жооптуу кызматкерлерине аткезчиликке көмөктөшүү үчүн пара берүү фактысы боюнча бир топ адам кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 14-январында Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту (“Билип туруп мыйзамсыз аракет (аракетсиздик) жасоо үчүн пара берүү”) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда Кыргызстандын жарандары 1982-жылы туулган А.Т.Р., 1982-жылы туулган Т.И.Б., жана 1988-жылы туулган А.А.А. кармалып, тергөө абагына тергөө убагы бүткөнчө камалды.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>