18-август: айрым жерлерде өткүн өтөтЭмне үчүн альпинист Наговицынанын сөөгү дагы деле Жеңиш чокусунда — ӨКМдин жообуКОСУнун студенттери Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууга катышатКыргызстанда «Мал аман» мамлекеттик ишканасы түзүлүп, жеке ветеринарлар ишке алынатМанас шаарында жаңы автобекет ишке кирдиБишкекте көчөдөгү жаңжалдын катышуучулары майда бейбаштык үчүн жоопко тартылды
Чек арадан 1 кг баңгизат алып өтүүгө аракет кылган адам кармалды
18.03.2025 | 13:57
Чек арадан баңгизат алып өтүүгө аракет кылган Өзбекстандын 28 жаштагы жараны кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Атайын кызматтын маалыматына ылайык, аталган жаран (Д.Ж.) азыраак көзөмөл жүргүзүлгөн чек ара тилкеси аркылуу Кыргызстандан Өзбекстанга баңгизаттарды ташуу боюнча канал уюштурган. Ал 1 кг “нашааны” алып өтүп жатканда кармалган.
Өзбек жаранына Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгүнүн негизинде кылмыш иши козголуп, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар