Бул жакка эч кимди киргизишчү эмес! «Бишкек-Аренадагы» VIP-ложанын алгачкы кадрларыКыргызстан менен БУУ коопсуздук, тынчтык орнотуу багытындагы кызматташтыкты тереңдететСадыр Жапаров Түштүк Кореяга расмий сапар менен баратЖаратылыш ресурстары министрлиги калдыктарды кайра иштетүүчүлөрдүн реестрин түзүп, лицензиялоо иштерин жүргүзүүдөБул күндү бүткүл дүйнөнүн жаштары күткөн!Бишкектин Кронштадт көчөсү унаа кыймылы үчүн ачылды
Ташиевдин атын жамынып партиялашынан $30 миң алдап алган деп депутат кармалды
18.03.2025 | 13:39
Бишкек шаардык кеңешинин депутаты алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, депутат М. уулу А. 2024-жылы октябрда шайлоо өнөктүгүн каржылоо үчүн акча табуу максатында WhatsApp аркылуу өзүн УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев деп тааныштырып, партиялашынан алдоо жолу менен 30 миң доллар алып алган.
Шектүү катары кармалган шаардык кеңештин депутаты 17-мартта соттун чечими менен тергөө абагына камакка алынды.
Учурда тергөө иштери уланууда.
УКМК акыркы кезде шылуундар соцтармактагы, мессенджерлердеги аккаунттарда өздөрүн бийлик адамдары катары көрсөтүп, алдамчылык жасаган учурлар көбөйүп жатканын билдирет.
Эскерте кетсек, 2024-жылы күзүндө жергиликтүү кеңештерге шайлоо болуп өткөн.