ЖКда 2027-жылы онкологияга бөлүнчү каражатты көбөйтүү сунушталдыАмангелдиев Бишкекте жашаган 100 жаштагы жарандардан кабар алдыСыймык Жапыкеев президенттик шайлоого катышууга ниети бар экенин билдирдиБишкекте синтетикалык баңгизат сатууга шектелип 26 жаштагы жигит кармалдыКыргызстанда дагы 63 билим берүү мекемесинде ысык тамак берилүүдөАзия оюндары: грек-рим күрөшүндө Асан Жанышов финалга чыкты
Чек арадан жүздөн ашык малды мыйзамсыз айдап өтүүгө аракет кылгандар кармалды
25.07.2022 | 17:43
24-июлда Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Монол айылында Өзбекстанга 36 баш майда малды мыйзамсыз айдап өтүүгө аракет кылган үч киши кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда, кийинчерээк Талас облусунун Талас районундагы Тегерек-Сай жергесинде чек арачылар Казакстандан Кыргызстанга 80 баш ири мүйүздүү мал айдап өтүүгө аракет кылган адамдарды колго түшүрдү. Болжолдуу түрдө малдын жалпы баасы 12 миллион сомду (150 миң доллардан ашык) түзөт.
Чек ара кызматы кармалган адамдар жана алар айдап өтүүгө аракет кылган мал андан аркы териштирүү үчүн тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилгенин билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар