Мамкурулуштун жаңы директору Баткендеги эки жетекчиге сөгүш берди (видео)

Мамкурулуштун жаңы директору Баткендеги эки жетекчиге сөгүш берди (видео)

Баткен облусунда мектеп, бала бакча жана суу түтүктөрдүн курулуш иштери уланууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нуртазин Жетыбаев билдирди.

Анын айтымында, ал акыркы үч күндө Баткен облусун кыдырып, аталган агенттикке жооп бере турган бардык объекттерди текшерип чыккан.

Ар бир объект качан пайдаланууга берилиши керектиги боюнча конкреттүү мөөнөт бар. Бирок, кээ бир объекттердин курулушу кечеңдөөдө. Текшерүүнүн жыйынтыгында кызматтык милдеттерин туура эмес аткаргандыгы үчүн капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Д.Жалиловго жана Мамлекеттик архитектура жана курулуш кызматынын башчысы А.Сейдалиевге сөгүш жарыяланды”, — деди ал.

Ошондой эле, ал Баткенде биринчи кезекте мектептердин жана ооруканалардын курулушуна көңүл буруу керектигин айтып, бул боюнча тендерлер уюштуруларын белгиледи.

“Каржы министрлиги менен биргеликте иштөөгө үмүт кылабыз. Буга чейин тендерлерден утуп алган курулуш компаниялардын деңгээли абдан төмөн болгон. Алар ишти сапатсыз аткарып келишкен. Эми алдыда тандоо катуу болот. Начар иштегендерди кара тизмеге киргизип, тендерлерге катышуу мүмкүнчүлүгүнөн чыгарабыз. Көптөгөн долбоорлорду изилдеп чыгып, Курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинде кемчиликтер бар экенин түшүндүк. Курулуш иштери көп учурда эскирген нормалар боюнча жүргүзүлүп келет. Муну биз өзгөртөбүз жана андан ары өнүгөбүз”, — деди ал.

Ал президент тарабынан Баткен облусунун инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча тапшырмалар коюлганын белгилеп: “Подрядчиктер аткарылбай калган иштерди кайра калыбына келтирип, бардык объекттер жакында калкка пайдаланууга берилет деп ишенем”, — деп кошумчалады.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>