Сузакта аткезчилик жүк ташуу үчүн казылган дагы бир тоннель табылды (видео)

Сузакта аткезчилик жүк ташуу үчүн казылган дагы бир тоннель табылды (видео)

Жалал-Абаддын Сузак районунда кыргыз-өзбек чек арасында милиция аткезчилик жүк ташуу, чек арадан мыйзамсыз өтүү үчүн казылган тоннелди тапты. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.

Тоннель 20-мартта Бек-Абад айылынын 41 жаштагы М.М. аттуу тургунунун үйүнөн табылган. Анын тереңдиги 12,5 метр болуп, узундугу 350 метр, бийиктиги 2,2 метрди жана туурасы 1 метрди түзөт. Бул тоннель аркылуу Бек-Абад айылынын Өзбекстандын Наманган облусунун Коргон-Төбө районунун аймагына өтүүгө болот.

Учурда бул окуяга тиешелүү адамдарды тактоо иштери жүргүзүлүүдө.

Эскерте кетсек, 19-мартта Сузактын ушул эле айылында 38 жаштагы тургунунун үйүнөн аткезчилик жүк ташуу, чек арадан мыйзамсыз өтүү үчүн казылган тоннель табылган. Аны УКМК аныктап чыккан.

Видео: Сузактын тургунунун үйүнөн Өзбекстанга өтүүчү тоннель табылды

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>